Талгарбеков: «Аскар Акаевге коюлган бардык айыптар алынды»

Аскар Акаевге коюлган бардык айыптар алынды. Бул тууралуу журналисттерге коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков билдирди.

Анын айтымында, мурдагы мамлекет башчыдан бардык айыптар алып салынды. Акаевге козголгон кылмыш иши кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулган. Тергөөдө анын өзү да, анын жакындары да «Кумтөр» долбоорунан акча алышпаганы аныкталган. «Аскар Акаевдин Centerra Gold Inc. компаниясында бир дагы үлүшү жок. 2003-жылы өкмөт «Центерраны» түзүү чечимин кабыл алган. Макулдашууну мамлекеттик комиссия даярдап, анын курамына “Кыргыз алтын” ишканасы, өкмөттүн жана парламенттин өкүлдөрү, анын ичинде Акылбек Жапаров кирген. Өкмөт келишимди эле жактырган. Бул келишим бекитилер алдында Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун эксперттери тарабынан каралып чыккан. Алар оң баа беришкен. Аскар Акаев буга чейин текшербей, мамлекеттик комиссияга ишенгенин кемчилиги деп эсептеп келген», — деди ал.