Талмасы кармап, Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаран куткарылды

Талмасы кармап, Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Чоң Чүй каналында сууга чөгүп кеткен адамды көрүшкөн. Ошол учурда офицерлердин бири сууга секирип, адамдын өмүрүн сакnап калууга үлгүргөн. Биринчи жардам көрсөтүлүп, бир канча убакыттан кийин жабырлануучу өзүнө келген. Жабырлануучунун айтымында, ал каналдын жанында турган учурда капысынан талмасы кармап, сууга түшүп кеткен.