«Тамагың жок калса да жардам бересиң». Камчыбек Ташиевдин Жалал-Абаддын башчысына кайрылгандагы видеосу тарады

19-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунда 5000ге чукул орозо кармаган мусулмандарга ооз ачыруу өткөргөн. Социалдык тармактарга ооз ачардан кийин Ташиевдин Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаевге «тамагың жок калса да жардам бересиң» деп жатканда тартылган видео тарады.

Анда ага жардам сурап аял киши кайрылган. «Тамагың жок болсо да, тамак ичпей калсаң да жардам бересиң, жазып ал», — деди Ташиев.