«Таманым жарылып кетти дейт». Ош мэри «Ош-Тазалыктын» жетекчиси эмне үчүн кызматтан кеткенин айтты

Бүгүн, 15-августта таңкы рейд учурунда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Супаналиев көчөсүнө барды. Көчөнү кеңейтүү иштеринин алкагында бузулган курулуш калдыктарын тазалоо жана аймакты иретке келтирүү тапшырмасын берди.

Ал ошол жерде «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нургазы Акматовдун эмне үчүн кызматтан кеткенин айтты.

«Нургазы жумуштан кетти. «Иштей албайт экем, кыйналып кеттим» деди. Эртеден-кечке жүрө албайм дейт. Ал кабинетте отуруп назик болуп калган да. Кабинеттин кишилери да. Биз көчөнүн кишилерибиз. Таманым жарылып кетти дейт. 1 ай болду ээ иштегенине?» — деди Оштун мэри.

Ал ошондой эле жетекчилик кызматка жетекчинин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Жылдызбек Көчкөновду 3 айлык сыноо мөөнөтү менен алганын айтты.