Тамчы-Москва аба каттамында Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты. Алардын берген маалыматына караганда, жогоруда айтылган рейстеги учактын жүргүнчүлөрүнүн бири өзүн жаман сезе баштаган. Лайнер Нижний Новгородго шашылыш түрдө конгон, бирок бул жаранга жардам бере алган жок.
«Аэрофлот» авиакомпаниясына таандык учактын командири Нижний Новгороддун үстүнөн учуп баратып сигнал берген. Ал диспетчерге бортунда талмасы бар бир киши бар экенин, андан кийин шашылыш конууга уруксат алганын айткан. «20 мүнөттөн кийин учак конду, окуя болгон жерде Тез жардам бригадасы нөөмөттө турган. Тез жардам берилгенине карабай, дарыгерлер жүргүнчүнүн каза болгонун аныкташкан. Алдын ала маалымат боюнча, ал асфиксиянын (ред. тумчугуу) кесепетинен каза болушу мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.
«Манас» эл аралык аэропорту журналисттерге окуяны ырастады. Алардын айтымында, окуя 29-августта болгон. Каза болгон жаран Кыргыз жараны болгон.