«Тамчы тамып, балдар айла жоктон окуп». Кара-Суунун Керме-Тоо айылында 225 орундуу чоң мектептин ачылышы өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты.

“Ушул мектептин курулушу титулга кирип жатканда адистердин айтканы эсимде “тамчы тамып жатат, электр зымдары чирип калган, айла жоктон окуп жатышат, балдардын өмүрүнө абдан кооптуу, өтө авариялык абалда” деп чырылдап айтышкандары эсимде. Бүгүн мына жаркырап эки кабаттуу болуп заманбап мектепке айланып отурат”, — деди Акылбек Жапаров.

225 орундуу заманбап чоң мектепти курууга республикалык бюджеттен 83 миллион сом жумшалып, бардык шарттары түзүлүп, анын ичинде спорт зал, 75 орундуу залы, ашканасы менен кошо кыздар үчүн кийим тигүүчү машиналар, балдар үчүн кол эмгек сабагынан станоктор орнотулганын белгилеп, эми балдардын билим сапатына катуу көңүл буруу зарылчыгына токтолду.

Андан соң Акылбек Жапаров Ош шаарындагы И.Раззаков атындагы 720 орундуу мектеп-гимназиянын ошондой эле жанаша жайгашкан В.Терешкова атындагы 700 орундуу мектеп-интернатынын курулуш иштери менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге курулушту сапаттуу бүткөрүп, пайдаланууга өз убагында берүүнү тапшырды.