Тамчыда катуу шамал болуп, күндөн калкалоочу чатырларды учурган видео тарады

Бүгүн, 2-августта Ысык-Көлдөгү Тамчы айылында катуу шамал катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдирип, видео менен бөлүшүштү.

Видеодон көргөндөй, катуу шамал көл жээктеги күндөн калкалоочу бир нече чатырды асманга учуруп салган. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.