Тамчыдагы аэропорт пескоблок эмес, эми тор тосмо менен курчалат

Тамчы аэропортунун аймагын тоскон дубалдын бир аз бөлүгү катуу шамалга байланыштуу кулап түшкөнү талкууланып жатат. Бул дубал өткөн жылы дагы урап калып, подрядчы компаниянын эсебинен кайра тургузулган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Катуу шамалдан пескоблок дубалдар эмес, 40 тонналык контейнер ордунан жылып, арматуралар кыйшайып, жеке үйлөрдүн дубалдары дагы урап калганын жергиликтүү эл видеого тартып чыгарып жатат. Андыктан окуяны бурмалап, андан терс пикир жарата бербейли. Ал жердин шамалына дубал туруштук бере албайт экен, андыктан башка тор тосмолор коюла турганын билдиребиз», — деди ал.