30 күндүк орозо кармоого дит койгон адам кандай парздарды, шарттарды жана эрежелерди аткаруусу керек? Орозо кимдерге сунушталбайт? Эмнеге уруксат берилип, эмнеге тыюу салынат? Орозо кайсы учурда бузулуп, кайсы учурда бузулбайт? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев жооп берди.
«Таң аткандан баштап, күн батканга чейин жеп-ичүүдөн, жубайлык мамиледен сактануу керек. Шилекейин атайын жутса, темекинин түтүнүн жутса, бир нерсени билип туруп ичсе же жесе орозо ачылат. Эгер унутуп ичип-жеп алса ачылбайт», — деди ал.