Танктын ичинде тирүүлөй өрттөлгөн үч жоокердин сөөгү «Ата-Бейитте» жерге берилди

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 26-сентябрда “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 14-17-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери – танк экипажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди.

Экипаждын үч мүчөсү аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган. Мамлекет башчысы курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, митинг-реквием өттү.

Үч жолу ок атылып, Садыр Жапаров жоокерлердин мүрзөсүнө топурак салып, куран окулду.