«Тартпа!» Балбак Түлөбаевдин көл жээгиндеги мончодон чыккан видеосу талкууга түштү (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевдин Ысык-Көлдө мончодон чыгып сууга түшөр алдында тартылган видеосу социалдык тармакка тарап, талкууга алынды.

Мончодон чыккан депутаттын видеону көрүп тартпа деп айтканын угууга болот. Аталган видео Ысык-Көлдөгү «Costa-Brava» пансионатында тартылганы айтылууда.

Эскерте кетсек, 2018-жылы көл жээгине жакын аралыкта мончо курууга тыюу салынган жана прокуратура мыйзам бузган мончолорду тазалаганын маалымдаган.