34 жаштагы Зохран Мамдани Нью-Йорктун мэри болуп шайланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Мамданинин атаандашы, Нью-Йорк штатынын мурдагы губернатору Эндрю Куомо аны жеңиши менен куттуктап, «Бүгүн — алардын кечеси болду» деп билдирди.
Жаңы мэр шайлоодон кийин тарапташтарына кайрылып, бул жолу «саясий династия кулатылганын» айтты.
«Биз кайра жанданып жаткан шаардын абасын жутуп жатабыз», — деди Мамдани, Нью-Йорк тургундарына «жаңы шаар» убада кылып.
«Биз ар кимибиз өзүнчө добуш беребиз, бирок чогулуп үмүттү тандайбыз. Үмүт — тиранияга каршы, чоң акча менен майда идеяларга каршы, үмүт — үмүтсүздүккө каршы», деген ал.
Акырында ал АКШ президенти Дональд Трампка түз кайрылып, «үнүн катуураак чыгарууга» чакырды:
Бул окуядан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social платформасында «Мына, башталды!» деген сөздөр менен пост жарыялады.
Буга чейин Трамп Мамданинин атаандашы Эндрю Куомонун талапкерлигин колдогон жана Мамдани жеңсе, Нью-Йоркко федералдык каржылоону токтоторун эскерткен болчу.