Тарыхый инсан Жусуп Абдрахмановдун иш столу Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилди

Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун иш столу Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жусуп Абдрахмановдун иш столун Мамлекеттик тарых музейине өткөрүп берүү үчүн атайын иш-чара азезми уюштурулуп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Улуттук илимдер академисынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун директору Абылабек Асанканов ошондой эле президентик аппараттын Гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев катышкан.

Анда бул столдун тарых музейине берилиши абдан маанилүү экендиги айтылып, музейдеги бирден- бир баалуу тарыхый экспонат катары фондду толуктап жаткандыгы белгиленген.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анда ал  кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон өлкөнүн мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 120 жылдыгын жогорку улуттук деңгээлде майрамдоо максатында өкмөткө бир катар тапшырмаларды берген.