Таш-Көмүрдө 1 айдан бери дайынсыз болуп жаткан жарандын апасы: «Аман табылып калса жакшы болот эле»

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов бүгүн, 14-январда 1 айдан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан Таш-Көмүр шаарынын тургунунун апасы жана бир туугандары менен жолукту. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Министрдин орун басары жолугушууда ӨКМдин куткаруучулары күчөтүлгөн тартипте атайы техникалардын жардамы менен издеп жатышканын жана мындан ары дагы болгон мүмкүнчүлүккө жараша издеп-куткаруу аракеттери уланарын билдирип, жакындарын сабырдуулукка үндөдү. «Кудай деп эле жатам. Аман-эсен табылып калса эле болду эле. 15-январда 1 ай болот. Силерге дагы рахмат», — деди апасы.

15-декабрда Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен издөө иштери улантылууда.