Таш-Көмүрдө дайынсыз болуп жаткан адамды 100дөй киши издеп жатат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү тургунду издөөгө бүгүн ӨКМден 54 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, туугандарынан 25, жалпысынан 94 адам чыкты жана 4 дрон тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары ар бир кокту-колотторду кылдаттык менен кароону жана коопсуздукту сактоо менен иш алып барууну тапшырды.

15-декабрда Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери изделип жатат.