Бүгүн, 17-январда Сүттүү-Булак жайлоосунда изделип жаткан жарандын туугандарынын макулдугу менен издөө иштери токтотулуп, жерине тартылган куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда. Таң эрте издөө ишине 27 куткаруучу 1 дрон менен чыгышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
15-декабрда Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, тынымсыз изделип келген. ӨКМге кайрылганыбызда, дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери экенин тастыкташкан.