Таш-Көмүрдө мал айдап кеткен жаран дайынсыз болуп жатат

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат таратып, Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну 15-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, дайынсыз болуп жаткан жаран Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.

«9-январда саат 06:00дө издөө иштери уланат. Бүгүн бардык пландар түзүлүп, куткаруучулар жоголгон жарандын туугандары менен даярдык көрүүдө. Издөө иштеринде спутниктик байланыш колдонулат. Куткаруучулар толук жабдылган», — деп айтылат маалыматта.