Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иштерине бүгүн ӨКМдин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 15 куткаруучусу кошумча күч катары тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги баш болуп, жалпы 58 адам издөөгө чыккан. Учурда жалпы 73 адам издөөнү улантууда. Катаал шартта өз милдеттерин аткарып жаткан өздүк курамга жетекчилик тарабынан коопсуздукту эс алып, сактык эрежелерин эске алуу менен иш алып барууну тапшырды.
15-декабрда Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө уланууда.