«Көөнө тарых сырлары» мамлекеттик программаны ишке ашыруу алкагында Ат-Башы районунда жайгашкан орто кылымдарга таандык Таш-Рабат кербен сарайын оңдоо, реставрациялоо жумуштары башталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
“Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долборлоо институту тендер жарыялап, комплекстүү илимий изилдөө жана реставрация жумуштары аткарылууда.
Республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде турган Таш-Рабат кербен сарайында XX кылымдын 70-80-жылдарында акыркы реставрациялоо иштери жүргүзүлгөн. Аталган тарыхый-маданий мурас объектиси 2024-жылдан тартып министрликтин карамагында турат. Буга чейин ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын карамагында болгон.