«Ташчайнарга жардам керек» деп жардам сурагандар болууда. Ташчайнар көрсөтүлгөн реквизиттер аныкы эместигин айтты

Ташчайнар каймана аты менен таанымал Нурлан Алишеров көп жылдан бери кант диабети менен жабыркап келет. Учурда социалдык тармакта анын реквизиттери делген номерлер калтырылып, коомчулуктан жардам сурагандар болууда. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Нурлан Алишеров менен  байланышканда социалдык тармакта көрсөтүлүп жаткан реквизиттер аныкы эместиги маалым болду.

«Бир айдан бери буттарым иштебей төшөккө жатып калдым. Дарыгерлер колубуздан келишинче дарыладык деп жатышат. Мындан ары кандай кылышты да билбейм. Бутумдун сөөктөрү кол тийгизбей ооруйт. Ооруну басаңдатуучу дарылар жардам бербей калды. Бир учурда дары-дармекке каражат жетпей элден жардам сурагам.

Азыр бир гана 0776 553535 номеринде Элсом бар. Ал эми менин атымдан реквизитти жөнөткөн адамды да тааныбайт экем. Ал жакта көрсөтүлгөн номерлер да мага таандык эмес», — дейт Ташчайнар. 

2021-жылы Нурлан Алишеров бутунун сөөктөрү чирип, дарылатпаса кескенге туура келерин айтып SUPERTV телеканалына маек берген.