Ташиев 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө белектерди тапшырды

Бүгүн, 24-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын март айында 3 эмдүү болгон Жалал-Абад шаарынын тургуну Ойбек Ахмедов жана Фатима Исматованын үй-бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан батирлеринен 3 бөлмөлүү батирди кезексиз берүү сертификатын тапшырды.

Бул үй-бүлө өздөрүнүн жеке турак-жайы жок болгондугуна байланыштуу ата-энесинин үйүндө, көпчүлүк болуп жашап келгенин айтат. Үй сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Камчыбек Ташиевге кайрылган жана кыска убакытта кайрылуусу кабыл алынган. Учурда Ахмедовдордун жалпы 7 баласы бар. 3 эмдин экөөсү уул, бири кыз.