Ташиев Абхазия, Армениядан келген унаалар боюнча: «Мыйзамсыз алып келинген унаалар көчөдө жүрбөшү керек»

Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Абхазия, Армениядан келген унаалар боюнча маалымат берип, жыйын өткөргөнүн айтты.

«Эртең менен керектүү адамдарды чогултуп, жаңы эле жыйынды бүтүрүп келдим. Жыйынга Бажы кызматы, «Унаа» ишканасы, милиция, акимдер, чек ара кызматы, Салык кызматынан катышты. Президент да ошол тапшырманы берип жатат. «Ушулар боюнча бир чечим кабыл алгыла» деди. Жыйында көп нерседен кабардар болдум. 15 миңдей унаа экен. Булардын баары мыйзамсыз келген унаалар. Тетик катары алып келишкен экен. Башы, ортосу, аягы башка унааныкы. Документтери жок. Кимдин унаасы, ким алып келгени тууралуу маалымат жок. Мыйзамдаштырабыз деп, криминалдаштырып алышыбыз мүмкүн. «Өкмөт мыйзамдаштырып берет» деген максатта ушундай болуп жатат. Тапшырмалар берилди. Мыйзамсыз алып келинген унаалар көчөдө жүрбөшү керек. Таксиде иштеп канча адамдын өмүрүн алып жатат. Буга шашпаш керек. Муну мыйзамдаштырабыз, бирок кантип? 3-этап кылып карайбыз. Башында документтери барларын карайбыз, андан кийин техникалык абалын карайбыз. Мыйзамдаштырууга жатпагандарын тооккана кылышат. 15 миң унаанын ээлери ватсаптан бири-бирине чогулалы, митинг кылалы деп жатышат. Не думайте даже! Ойлонбогула. Өзүңөр биринчи мыйзамсыз унааларды алып келдиңер, эми мамлекттин мыйзамын бузам дебегиле”, — деди төрага.