Ташиев ак канга чалдыккан балага жардам берет

Бүгүн, 20-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ак кан (лейкоз) дарты менен ооруган Дайырбек Маматкалыевдин ата-энеси менен жолугушту.

Химиотерапия курсунун аяктаганына карабастан, ооруну толук дарылоо үчүн дарыгерлердин сунушу менен бейтап Индиянын “Фортис” клиникасында текшерүүдөн өтүп, операция жасатышы керек. Дарылоо процедураларына каражаттын жетишсиздигинен улам баланын ата-энеси УКМКнын башчысына жардам сурап кайрылышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында Камчыбек Ташиев аларга Индиянын “Фортис” клиникасында текшерүүсүн жана операциясын каржылоого көмөктөшөрүн белгиледи.