Ташиев: «Алтын кенге берилген 23 лицензияны кайтарып алдык»

«Алтын кенге берилген 23 лицензияны кайтарып алдык. Элдин байлыгын көрүнгөн келип казып жүрбөйт». Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

УКМКнын төрагасы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамааты менен жыйын өткөрүп, коррупцияга жол бербөө тууралуу сүйлөшкөнүн белгиледи. Ал кен байлыктар мыйзамсыз сатылса баары башы менен жооп берерин эскертти.

“Алтынга берилген 23 лицензияны кайтардык. Лицензияны бири-бирине сатып, чырмалышкан мафия болуп кеткен. Мындан тышкары мамлекетте чыгарылып жаткан алтындын бир килограммы уруксатсыз эч жака чыкпайт. Мурда “Манас” аба майданына учак келип, ай сайын жүктөп кетчү. Азыр андай жок, ошондуктан бюджет көтөрүлүүдө”, — деди ал.