Ташиев: «Арзан иштейт экен» деп башка мамлекеттен келген жумушчуларды курулушка салбагыла»

Бүгүн, 22-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан 9 кабаттуу, 936 батирлүү үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Тийиштүү кызмат адамдарына тапшырмалар жана талаптар коюлду.

“Президенттин «Кыргызстанда үйү жок жарандарыбыз калбашы керек. Баары үйлүү жайлуу болушу зарыл» деген саясатын баарыбыз колдоп, тез арада ишке ашырышыбыз керек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сырттан карап турбастан, күнү-түнү чуркап иштешиңер зарыл. Үйлөр сапаттуу жана курулушчулар кыргызстандыктар болушу шарт. «Арзан иштейт экен» деп башка мамлекеттен келген жумушчуларды салбагыла. Кымбат иштесе дагы, башкалардан бир аз жай иштесе да, өзүбүздүн жарандар иштесин”, – деди Камчыбек Ташиев.

Андан соң ал Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндө курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Бул объектиде да кызмат адамдарына тийиштүү тапшырмалар коюлду. Мамлекеттик ипотекалык үйлөр Кочкор-Ата шаарында да курулуп жатат. Жалпылап алганда Базар-Коргон, Ноокен жана Кочкор-Атада азыркы тапта 3000ге чукул батирлерди камтыган көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Алдыда бул долбоорлрр дагы улантылат жана элге ипотекалык үйлөрдү куруу иштери активдүү жүргүзүлө берет.