Ташиев аскердик кармаш уруш боюнча КМШ өлкөлөрү арасында эл аралык спартакиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктады

Бүгүн, 24–июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-июлдан 14-июлга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн “Аскердик кармаш уруш боюнча КМШ өлкөлөрү арасында эл аралык XVI спартакиадага” катышкан Кыргызстан курама командасынын мүчөлөрү менен жолукту. Аталган мелдешке жалпы беш өлкөдөн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь жана Орусия) спортчулар катышты.
Аскердик кармаш уруш боюнча Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү ойноп, 2 алтын, 2 күмүш, 4 коло, жалпы 9 медалга ээ болуп, жалпы командалык 3-орунду ээледи. Болуп өткөн мелдеште команданын төмөнкү кызматкерлери (спортчулар) жана машыктыруучусу өзгөчө айырмаланды:
1. УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Канатбеков Давлет Канатбекович — 75 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медалга ээ болду;
2. 85 килограммга чейинки салмак ченинде УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматынын 9-кызматынын кызматкери Жуматаев Бекнияз Турарбекович алтын медалга ээ болду;
3. УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматынын 9-кызматынын кызматкери, башкы машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын спорт чебери Усманов Ниязали Ашырбаевичке — чемпиондорду даярдагандыгы үчүн «Мыкты тренер» номинациясында сыйлык берилди.
Аскердик кармаш уруш боюнча аскердик-прикладдык бөлүмү Кыргызстанда өзгөчө популярдуулукка ээ болуп, спортчулардын таасирдүү бөлүгү Дүйнөнүн, Азиянын бардык чемпионаттарында жана «А»классындагы Эл аралык мелдештерде лидер болуп саналат. Жолугушуунун жүрүшүндө УКМК төрагасы  мындай жеңиштер Кыргызстан эли үчүн маанилүү экендигин белгиледи. Мындан улам, жогоруда аталган кызматкерлердин ар бирине 150 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.