Ташиев Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчуларга жолукту

Бүгүн, 14-январда УКМК төрагасы, Улуттук Бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев жана федерациянын президенти Умбеталы Кыдыралиев 16-27-январь күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчуларга жолугушту.

Аталган чемпионат 22 жашка чейинкилер арасында өтүп, Кыргызстандан 12 мушкер, 3 машыктыруучу жана бир калыс барышат. Жолугушууда Камчыбек Ташиев курама командага ийгилик каалап, мушкерлер чоң байгелүү орундарга ээ болушун каалады.