Ташиев: «Баңгизат сатып, колдонгондорго аёсуз күрөш жарыялайбыз»

«Баңги заттарын сатып, коомубузду булгап жаткандарга каршы аёсуз күрөш жарыялайбыз». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Баңгизат өтө чоң масштабга айланып бара жатат. Баңгизатка аёсуз күрөш, согуш жарыялашыбыз керек. Айрыкча жаштар арасында баңгизат таркатуу, колдонуу көбөйүп кетти. Синтетикалык баңгизаттын кошулмаларын башка өлкөдөн алып келишип, бизде жасагандар көбөйдү. Азыр интернет аркылуу таркатып жатат. Бул коркунуч туудурат», — деди төрага.