Ташиев «Барсанын» легендаларына: «Садыр Жапаров Ринат Дасаевдин дарбазасына 2 гол киргизген»

Президент Садыр Жапаров «Барселона» футбол клубунун легендалары менен жолугушту. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да катышып, сөз сүйлөдү.

«Барселона» клубунун жетекчиси Жоан Лапорта Кыргызстанга «баатырлар» менен келгенин айтты. «Биз эртең Азия легендалары менен ойнойбуз. Анын ичинде сиз да ойнойт экенсиз. Сиз да татыктуу ойнойсуз деп ишенем. Биз жеңишке даярбыз. Бирок достук беттеш, шоу болсун деп ойнойбуз», — деди ал.

«Футбол эртең болот. Биз жеңип алабыз деп айта албайбыз. «Барсанын» легендаларын жеңиш ар кимге бериле бербейт. Анткени биз КМШ өлкөлөрүнүн ветерандары менен ойнойп, араң 3:3 саны менен чыкканбыз. Кеп жеңиште, же жеңилүүдө эмес», — деди президент.

«Мен келген футболчуларга бир нерсе айтып коёюн дедим эле. Биздин президентибиз Садыр Жапаров өткөн жылы болгон футболдук беттеште атактуу дарбазачы Ринат Дасаевдин дарбазасына 2 гол киргизген. Бул жагын эстеп коюңуздар», — деди ал.