Ташиев Баткенде чек арачылардын балдары үчүн жаңы балдар бакчасын ачты

Кечээ, 13-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматынын 2022 жана 2053 аскер бөлүктөрү жайгашкан аскердик шаарчада курулган жаңы балдар бакчасын пайдаланууга тапшырды. Бул жерде чек арачылардын жана “Бөрү” атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн аскерлеринин балдары тарбияланат.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев«Өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы, урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырамсына ылайык чек арачыларыбыздын кызматтык жана жашоо шарттарын жакшыртуу иш-аракеттерибиз уланууда. Буга чейин бул аскердик шаарчада курулган үйлөрдү тапшырган элек. Эми мынтип чек арачыларбыздын балдары үчүн атайын балдар бакчасын куруп бердик. Бул кам көрүүлөрдүн баары биздин чек арачылабыздын өз милдеттерин мындан ары дагы так жана берилгендик менен аткаруусу, ар кандай үй-бүлөлүк муктаждыктарга алагды болбостон, мамлекетибиздин чек арасын көздүн карегиндей сакташы үчүн жасалууда. Коомчулук да, чек арачыларыбыз да өлкөбүздүн бул аракеттерине оң баасын берип, мындан ары дагы өз милдеттрин так аткарат деп ишенебиз. Кичинекей уул-кыздарыбыз бул жерде мекенчилдик духу менен тарбияланып, билимдүү, тартиптүү болуп чоңойсун», — деди.

Мындан сырткары, Камчыбек Ташиев Москва шаарындагы аскердик спорт турниринде байгелүү орундарды багындырып келген “Бөрү” аскерлерин куттуктап, аларга сыйлуу белектерди тапшырды. Жаңы балдар бакчасын көрүп чыгып, балдарга белектерди тапшырды. Ушул эле аскердик шаарчада “Бөрү” аскердик бөлүгүндө курулган аскердик медициналык пункт менен да таанышып чыкты. Эми бул аскер шаарчасындагы аскер кызматкерлери тийиштүү медициналык каражаттар жана жабдуулар менен камсыздалган медициналык пунктка да ээ болушту.