Ташиев мурдагы элчи анын атын пайдаланып, 250 миң доллар пара алганын айтты

Кечээ, 20-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрдү. Жыйында ал белгилүү саясатчы, Кыргызстандын мурдагы элчиси атын пайдаланып, 250 миң доллар пара алганын айтты.

«Бүгүн эртең менен мен аны камакка алуу боюнча көрсөтмө бердим. Ага каршы арыз бар, далилдер келип түшкөн, акчаны алып жатканда тартылган видео жана сүрөттөр бар. Бир партияда болгонбуз. Мени менен чогуу жүргөн, бирок мен эч кимди аябайм. Кудай сактасын, жакындарым, балам, бир туугандарым мыйзам бузушса, камайбыз. Бул менин принцибим», — деди ал.