Ташиев бүгүн жумушка келе жатып патрулдук милиция кызматкерин сыйлады

Бүгүн, 13-июнь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев таңкы саат 05:30дар чамасында жумушка келе жатып, Бишкек шаарынын ички жолдорунун биринде өзүнүн кызматтык милдеттерин жалгыз өзү аткарып жаткан патрулдук милиция кызматкерин көргөн жана жүргөн жолунда андан башка патрулдук милиция кызматкери иштеп жаткан учур болгон эмес.
УКМК төрагасы патрулдук милиция кызматкеринин таң эртеден өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатканын баалап, ага белек жана акчалай сыйлык тапшырды. Кызматкер Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын кенже инспектору, милициянын сержанты Амангелди Көлбаев аттуу жаш кызматкер болуп, ал УКМК төрагасынын кабыл алуусуна чакырылды.
Белек жана сыйлык тапшырып жатып, Камчыбек Ташиев: “Ар бир мамлекеттик кызматкер Кыргызстан үчүн берилгендик менен, ар бир саатын кызмат үчүн арнап, талыкпай эмгек кылууга милдеттүү”, — деди. Патрулдук милиция кызматкеринин жумушуна ыраазычылыгын айтып, мындан ары дагы кызматын сүйүп, милдетин так аткаруусуна тилектештигин билдирип, 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана белек тапшырды