Ташиев чек ара чырында Портерди танк сүзүп, күйөөсү, уул-кызы мерт кеткен аялга жолукту

Бүгүн, 6-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуу учурунда жол кырсыгынан алган жаракатынан улам майып болуп калышкан Баткен облусунун тургуну, 3 баласы менен дарыланып жаткан Шоира Джулдибоева менен жеке жолугушуу өткөрдү.

Ал унаада 24 адам болгон, алардын 12си алган жаракаттан улам каза болгон, анын ичинде Шоира Джулдибоеванын жолдошу Абдыганы Мамиров, уулу Максатбек Абдырашидов жана кызы Сумай Абдырашитова да болгон.

Дарыгерлердин сунушу менен ал жана анын кыздары Бишкектен дарылануусу зарыл, ал эми балдар психологиялык жактан жабыркап, Баткен облусуна үйлөрүнө кайтып баргылары келбейт. Өз кезегинде Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынан жеке турак-жай алууга көмөк көрсөтүүгө убада берип, ошондой эле дарыланууга материалдык жардам көрсөттү.

Өткөн айда SuperTV телеканалына Шайыр Жолдубаева маек берген. Жолдубаева жана анын кыздары коомчулуктун жардамына муктаж болчу. «Азыр Бишкекте кайнимдин үйүндө турабыз. Чек арадагы окуяда үй-бүлөбүз менен кырсыкка учурап, жолдошум, жалгыз уулум жана кызым каза болду. 3 кызым менен оор жаракат алып, ооруканага түштүк. Портер үлгүсүндөгү унааны танк сүзүп, кырсыкка учурадык. 16-сентябрда кыздарым мектепке даярданып жатышты. Эшикке чыкса, ок атылып жатыптыр. «Согуш башталды» деп калышты. Ок атылып жаткан жерден качып, унаа менен кетип жатышты. Кошуналар унаасы менен чыгып, биз да кошулуп алганбыз. Портерде 24 адам болчубуз, анын 12си каза болуптур», деген ал.