«Акыркы кезде чек арачынын коомубуздагы кадыр-баркы, алардын ишине болгон сый-урмат өсүүдө. Буга бир чети өлкөбүздүн түштүгүндө орун алган окуялар учурунда жоокерлерибиздин жараткан каармандыгы да себеп болууда. Азыр сиздерди куттуктап жатып, кыргыз жерин коргоп каза тапкан жоокерлерибизге дагы бир жолу башымды ийип, таазим этем! Алардын эрдиги эч качан унутулбайт!
Ошол эле учурда, мамлекет жетекчилиги тарабынан Чек ара кызматын күчтөндүрүү багытында кыйла иштер жасалгандыгын айтып коюу парз. Бүгүнкү күндө кыргыз армиясы заманбап курал-жарактар, учуучу техникалар менен камсыздалды. Жеке өздүк курамдын айлык акылары жогорулады, алардын кызмат өтөөдөгү тиричилик шарттары оңолду. Ошондуктан, чек арачы болуп кызмат өтөөнү каалагандардын катары көбөйүп жатат. Эгерде эки-үч жыл мурун биздин армия баарынан артта калган кейпинде болсо, бүгүн айрым мамлекеттер бизге суктануу менен карап калышты. Эгерде өлкөбүздүн президенти Садыр Нургожоевич баш болгон мамлекет жетекчилеринде саясий эрки болбогондо, мунун баары болмок эмес! Кыргызстандын эгемендүүлүгүн коргоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Өтө оор шарттарга карабастан, аскердик антынан кыйшайбастан, өз милдетин абийирдүүлүк жана ак ниеттүүлүк менен аткарып келе жаткан жоокерлерге, офицердик курамга чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем!