Ташиев чек арачыларга үй тапшырды

Кечээ, 28-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде «Бөрүлөргө» аскер бөлүк ачып, чек арачыларга үй тапшырды.

Алгач, 2022 аскер бөлүгүндө куттуктоо сөзүн сүйлөгөн УКМКнын төрагасы 7 аскер бөлүгүнө күжүрмөн туу тапшырды. Андан соң, 2022 аскер бөлүгүнө курулган жаңы штаб жана казарманы ачып, тузүлгөн шарттары менен чек ара кызматынын жетекчилиги жана кызматкрелери менен биргеликте таанышып чыкты.

Камчыбек Ташиев өткөн жылы аталган аскер бөлүгүнө жакын жайгашкан чек арачылар үчүн курулган 48 батирди тапшырган болчу. Бул жылы ага кошумча дагы 32 батир бүткөрүлүп, аскер кызматкерлерине тапшырылды. Аскер кызматкерлери үчүн ушул аймактын өзүнө дагы 60 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. УКМКнын төрагасы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, жыл аягына чейин сапаттуу жана бардык жашоо шарттары менен курулуп жаткан үйдү бүтүрүүнү тапшырды.

Андан соң, Чек ара кызматынын”Бөрү” атайын багыттагы отрядына курулган аскер бөлүгүнө барып, ачылуу аземине катышты. “Бөрү” атайын багыттагы отрядында да заман талабына ылайык келген бардык шарттар түзүлгөн. Аскерлердин кызмат өтөөсү жана эс алуучу үчүн керектүү шарттар толугу менен камсыз кылынган. Бул аскер бөлүгүнүн курулуш иштери өткөн жылы башталган болчу.

Камчыбек Ташиев учкучсуз учуучу аппараттардын иштөө режими менен да таанышып, окуу даярдыгына күбө болду. Шарттуу бутага сокку урулуп, окуу даярдыгы тийиштүү даражада аткарылды. УКМКнын төрагасы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун атайын өкүлдөрү менен биргеликте чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн керектүү болгон жаңы каражаттар менен таанышып чыкты. Уюм менен кызматташуунун алкагында, чек арачыларга унаалар тапшырылды. Камчыбек Ташиев чек арачылар үчүн курулган жаңы ашкананы көрүп, аскерлер менен биргеликте майрамдык түштөнүү кылып, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, Баткенге болгон бул жолку жумушчу сапарын аяктады.