УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айрымдардын «шайлоого даярданып жатат» деп айткандарына жооп берди.
«Мен бул жерде бирөөгө көрүнөйүн деп жүргөн жокмун. Президенттин тапшырмасы менен жүрөм. Айрымдар «шайлоого даярданып жатат» деп жатышат. Дагы бир жолу айтып коёюн, мага эч кандай шайлоонун кереги жок. Депутаттыкка да, президенттикке да талапкерлигимди койбойм”, — деген Ташиев Сокулукка барганда.