Ташиев Искендер Матраимов тууралуу да маалымат алганын айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандарынын кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

“Алар мамлекетти тоношкон. Биз көп убакыттан бери маалымат топтоп жүргөнбүз. Эми сотко өткөрүп беребиз. Сот аркылуу алардын мүлкүн конфискациялайбыз”, — деди ал.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Искендер Матраимов бул кылмыш ишинде фигурант эмес экенин, бирок ал тууралуу да маалымат алынганын, эми иш жүрө турганын кошумчалады.