Ташиев: «Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүү менин да идеям болду»

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас шаары болуп өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди.

Кечээ, 17-сентябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө мыйзамга кол койгон. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.