Ташиев Жалал-Абаддагы мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдү көрүп чыкты

Бүгүн, 22-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүндө жайгашкан, Совет учурунда вино өндүрүүчү жай болуп турган аймака курулуп жаткан 1000 батирлүү ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун көрүп чыгууда.

Камчыбек Ташиев бул аймака кошумча дагы жер мамлекетке кайтарылганын, жакынкы күндөрү бул жерге дагы көп кабаттуу үйлөр курулуп баштаарын айтты: «Мамлекетибиздин башчысы, урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич тарабынан өлкөбүздүн бардык аймактарында эл үчүн ипотекалык үйлөрдү куруп берүү тапшырмасы коюлган. Ошол тапшырманы аткаруунун алкагында Жалал-Абад облусуна жалпы 10 000 батир курулушу керек болчу. Учурда Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда 7 500 батир курулууда. Калган 2 500 батирди куруу үчун дагы тийиштүу жер тилкелери алынды. Келээрки, 2025-жылы 7 500 батирдин баары элге тапшырылат, ал эми калганы 2026-жылы куруп бүткөрүлөт. Ош облусунда 10 000 батир курулуп башталды. Баткен облусунда болсо, 5 000 батир курулуп баштоо алдында турат. Жакында барып курулушун баштап беребиз», — деди.

Камчыбек Ташиев курулуш иштерин аткарып жаткан курулушчулардын 90 пайызы чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктардан тураарын жана азыр дагы жумушчуларга муктаждык жогору экенин белгиледи. Андыктан чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктарды мекенге кайтып келип, жогорку жумуш акысы менен камсыздалган өзүбүздүн курулуштарда иштөөгө чакырды.

Кыргыз жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун “Менин үйүм” программасы президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык иштелип чыккан. Үч жылга жетпеген убакытта турак жайды каржылоого 21 миңден ашык жаран кезекке туруп, ушул эле учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында 100 миңден ашуун жаран электрондук өтүнмөнү каттоо процессинде турат.

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад аймагындагы курулуш иштерин текшерүүдө кортеж менен эмес, портер унаасы менен жүрдү. Бул аракет жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратпоо жана текшерүү иштерин күтүүсүз жүргүзүүнү көздөйт.