Кечээ, 11-августта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарына барган иш сапарында «Жетекчилер, үйлөрдү буздурууда ээси менен сүйлөшкүлө» деди.
Буга улай эле «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү жарыялады.
«Өлкөдө мыйзамсыз курулуштарга каршы системдүү жана аёосуз күрөш жүрүп жатат. Социалдык тармактагы талкууларда айрым адамдар алданып сатып алган айыл чарба багытындагы жер тилкелердеги үйлөрдүн бузулушун терең кайгыруу менен кабыл алып жатканы да чындык. Бирок мыйзамсыз курулуштарды алуу тартиби жана шарттары өлкө башчысы тарабынан так аныкталган. Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев: «Эл жашап жаткан үйдү баса калып, бузбагыла. Алгач альтернатива катары жер тилкеси болобу, атайын шарттагы ипотекалык батир болобу сунушталып, маселе чечилген соң гана бузууга өтүңүздөр», — деп баарына президенттин тапшырмасын эске салды.
Ал эми “Азаттыктагы” эфирде Бишкек мэри Айбек Жунушалиев «Шаарда бир да турак үй бузулган жок, учурда «снос» иштери айыл чарба багытындагы жерлерге мыйзамсыз салынган коммерциялык имараттарга гана багытталууда» деп билдирди. Демек, президент Садыр Жапаровдун командасы элге каршы эмес, тетирисинче элге шарт түзүп, «мыйзамсыздыктан мыйзамдуулука минималдуу зыян менен өтүү жолу» менен иштеп жатканы көрүнүп турат.
Ошондуктан «үйүбүздү бузуп жатат» деген жалган маалыматтарды тараткандар да, аларды азгырып, ызы-чуу салууга үндөп жаткандар да, ушул маселени түшүнүп алышы керек болуп турат. Ал эми үй куруп алып, аны бузуу зарылчылыгы келип чыкса, өлкө жетекчилиги талап кылгандай шартта, сөзсүз түрдө сүйлөшүү жана түшүндүрүү, орток келишимге келүү сөзсүз болот. Элдик бийлик чын дилден элге жана мамлекетке кызмат кылып келе жатат жана мындан ары да ушул жолдон тайбайт, анткени башка жол жок!» — деп жазылат билдирүүдө.