Ташиев жыйында депутат менен өкмөт башчыны тамашалап, баарын күлдүрдү (видео)

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен депутат Камила Талиева тууралуу тамашалады.

Депутат Акылбек Жапаровго суроо узатып, ал жооп берип жатканда үнү угулбай жатканын айтты. “Катуу айтсаңыз, угулбай жатат. Телевизорду коюп коюптур, же мен сизди көрбөйм. Боюңуз узун болсо көрөт элем, көрбөй жатам”, — деди ал.

Жапаровдун жанында отурган Ташиев экөөнүн тең бою кыска экенин айтып, “экөөңдүкү тең” деди. Талиева өзүнүн боюнун кыскалыгын моюндап, «өзүмдү да кошоюн» деди. Жыйында отургандар алардын сөзүнө күлүп жиберишти.