УКМКнын төрагасы: «Кайсы үйдө аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулук болуп жатканын жакшылап карагыла»

«Жер-жерлерде аялдарга карата болуп жаткан зомбулуктар боюнча катуу иштерди жүргүзгүлө». Камчыбек Ташиев мындай сөз менен УКМКнын кызматкерлерине кайрылды.

«Айрыкча айыл жерлерин карагыла. Кайсы үйдө аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулук болуп жатканын жакшылап карагыла. Акыркы учурда адамдын психикасы бузулду. Мурда балаңды жаман көрсөң, урушуп, токмоктоп коёт элек. Муну бала да түшүнчү. Азыр балаңды жаман көрсөң, кордоп коюп жатат. Мурда аялдарды какыс-кукус кылып койсо, азыр сабап, кескилеп салып жатат. Алдын ала караса болот эле», — деди ал.