Ташиев Камчы Көлбаевдин апасы 5-6 унаанын документин бербей жатканын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Камчы Көлбаевдин 6 унаасы аукционго коюлганын, калган унаалары эмне болорун кызыкты. Депутаттын бул суроосуна УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди.

Анын айтымында, Көлбаевдин 60тан ашык унаасы алынган. Кээ бирлеринин документтери жок экенин айтты.

«Камчы Көлбаевдин 60тан ашык унаасы алынды. Ошонун 6 унаасынын документтери такталып, мамлекетке өттү, сатып жатышат. Калган көптөгөн унааларын үйүнөн, офистеринен, пансионаттардан алып чыгып жатабыз. Кээ бир унааларынын документтери жок. Көлбаевдин өзүнө эле эмес, үй-бүлөсүнө жана башкасына, апасына бир нече унаалар катталган. Апасына 5, 6 брондолгон унаанын эмне кереги бар? Апасы ооруп жатып, документтерин бербей жатат. Калган унаалардын баарын соттун чечими менен алабыз. Бир дагы унаасы көчөдө калбайт», — деди ал.

Ал ошондой эле сатыкка коюлган 6 унаа юридикалык жактан сатууга боло турган унаалар. Калгандарынын документтери такталса, алар да мамлекетке өтөт.