Ташиев Кара-Суу районунун акимине 2 ай убакыт берди

Кечээ, 14-июнь кунү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылындагы тургундардын кайрылуусуна ылайык, аймактагы каралбай калган, Совет доорунда курулушчулардын лагери болуп турган 11 гектар жер тилкесине барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрунө жерди толугу менен мамлекетке алуу жана жергиликтүүлөргө зарыл болгон социалдык объектилерди куруу иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Бул жер тилкесинен сырткары, аталган аймакта ушул эле курулушчуларга караштуу болгон, 4 гектардан ашуун аянтты ээлеп, гараж болуп турган жерди дагы толугу менен мамлекетке кайтарып, ал жерге дагы айылдыктар үчүн зарыл болгон объектилерди курууну пландоо иштерин тапшырды. Камчыбек Ташиев бул жерлерге айылдыктар үчүн заманбап мектеп, спорткомплексин, стадион, эс алуу багы жана башка объектилерди куруу зарыл экенин белгилеп, ал үчүн тийиштүү планды, долбоорлорду даярдоону Кара-Суу районунун акимине милдеттендирди. Камчыбек Ташиев коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө 2 ай убакыт берди. Андан соң курулуш иштерин баштоо аракеттери колго алынышы керектигин эскертти.