Ташиев: «Кыргыз-тажик чек арасынын айрым тилкелери боюнча принципиалдуу сүйлөшүү жүрдү»

Кыргыз-тажик чек арасынын айрым тилкелери боюнча принципиалдуу сүйлөшүү жүргүздүк. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Бул 15 чакырым жер. Бул боюнча принципиалдуу түрдө келиштик. Эми комиссия сүйлөшүлгөн жерлерди кагазга түшүрөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ыраазыбыз», — деди Ташиев.