Ташиев жаш футболчуга жарандык документтерин тапшырды

Кечээ, 22-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын Жибек жолу кичи районунун (мурдагы Он-Адыр аймагы) тургуну Оятилло Абдурахимжановго туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана жарандык паспортун тапшырды. Ал 2024-жылдын башында Камчыбек Ташиевге кайрылып, Кыргыз Республикасында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, жарандык паспорту да жок экенин билдирген жана ага жардам берүүсүн суранган.

19 жаштагы Оятилло Абдурахимжанов буга чейин чет өлкөлөрдүн биринин футболдук клубунда ойноп келген. Кыргызстанда акыркы кезде футболго реалдуу көңүл бурулуп жатканын эске алып, Кыргыз футбол клубдарынын биринде ойноону кааларын айткан. Учурда спортчу Кыргызстан жаштар улуттук курама командасынын мүчөсү. Камчыбек Ташиев жаш оюнчу Оятилло Абдурахимжановду Кыргыз Республикасынын жараны болушу менен куттуктап, мындан ары Кыргыз туусун көтөрүп, спортто ийгиликтерди жаратуусуна тилектештигин билдирди.