Бүгүн, 21-февралда Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча тарыхый келишимге жетишти. Документке Бишкекте эки өлкөнүн УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол коюшкан.
«Кыргызстан менен Тажикстандын элдери үчүн өзгөчө, тарыхый күн! Биз чек ара маселесине чекит койдук. Башкача айтканда, кыргыз-тажик чек арасы боюнча жыйынтык протоколуна кол койдук», — деди Ташиев.