Ташиев: «Ломбарддар элди тоноп жатат. Аларга катуу чара көрүү зарыл»

«Ломбарддар элди тоноп жатат. Аларга катуу чара көрүү зарыл». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Ломбарддын берген пайызын карап отурсаң, төбө чачың тик турат. Ал жактан акчаны жөнөкөй, акчага өтө муктаж, көзү чачырап турган адам алат. Алар үй-мүлкүн алдырып коюп жатышат. Бул маселени чечүү керек», — деди ал.