Бүгүн, 6-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапар менен барып, райондук оорукананын учурдагы абалы менен таанышты.
Ал эскилиги жеткен бир катар имараттарды бузуп, алардын ордуна төрт кабаттан турган эки жаңы имарат курууну тапшырды. Ошондой эле оорукана айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу зарылдыгын белгиледи. Курулуш иштерин жүргүзүүгө керектелүүчү каражат президенттин стабилдештирүү фондунан бөлүнөрү белгиленди. Жаңы курулуштун сапатын жана иштин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу милдети жергиликтүү УКМК бөлүмүнүн жетекчисине жүктөлдү.