Ташиев менен Ятимов Баткенде жолугушуу өткөрүшүүдө

Бүгүн, 25-сентябрь күнү Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрмө жайында чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Жолугушууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана облустук күч кызматтарынын жетекчилери, ал эми тажик тараптан мамлекеттик коопсуздук министри Саймумин Ятимов, Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жана ошондой эле күч түзүмүнүн жетекчилеринин катышууда.